Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту Бишкектеги убактылуу кармоочу жайлардын абалын текшерди (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 363 | 0

10-декабрь — Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Акыйкатчы институту Бишкек шаарындагы милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда тергөө абактарында жана камераларда кармалгандар суралып, 20дан ашык адам эксперттин кеңешин алып, милиция кызматкерлеринин аракетине карата 2 арыз түшкөн.

Кармалгандар катталуучу журналдар жана өздүк иштер текшерилип, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө кармоонун мөөнөттөрүн бузуу аныкталган эмес.

Кармоо шарттары боюнча мониторинг тобунун эксперттери санитардык түйүндөрдүн начар абалы жана душтун жоктугу боюнча сын айтышкан. Учурда кармалгандар коронавирус жок экенин тастыктаган документтерди алуу үчүн талап кылынган убакытка байланыштуу убактылуу кармоочу жайларда белгиленген мөөнөттөн ашыгыраак кармалып турат.

Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги камактагы адамдан COVID-19 инфекциясын аныктоо механизминин жоктугу көйгөй экенин билдирди.

Ошентип, ПЧР- тесттин оң натыйжасы менен кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилбейт жана ал айыкканы тастыкталганга чейин милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда дарыланууга туура келет.

Мыйзамда милиция бөлүмдөрүндө адамды кармоонун мөөнөтү 3 сааттан ашпоого тийиш. Ошол эле учурда башка кармалгандардын жана милиция кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч алып келет.

Камераларда орточо температура 19 градустан 22 градуска чейин, абанын орточо нымдуулугу 30-35% түзөт.

Келип түшкөн жазуу жүзүндөгү арыздар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM