Биз менен байланышыңыз

Месси 7-жолу «Алтын топту» утуп алды. Левандовски экинчи болду (видео)

Кыска кабар , Спорт | 30 Ноя 2021 | 512 | 0

Франциянын «Пари Сен-Жермен» клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи жолу «Алтын топко» ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи 29-ноябрда Парижде өттү.

Месси «Бавариянын» чабуулчусу Роберт Левандовски менен «Челсинин» жарым коргоочусу Жоржиньону утуп алды.

Левандовски быйыл клуб жана Польша курама командасы үчүн 64 гол киргизген. Жоржиньо Чемпиондор Лигасын жана Италия менен 2020-жылы Европа чемпиондугун жеңген.

Месси жетинчи жолу «Алтын топту» жеңип, өзүнүн жетишкендиктерин жаңылады.

2021-жылы Лионель Месси улуттук курама команда менен Америка Кубогун жеңип алган. Бул Аргентина үчүн 28 жылдан бери биринчи жолу болду. Ошондой эле карьерасында биринчи жолу клубун алмаштырып, Барселонадан ПСЖга өттү.

Месси бул сыйлыкты 2009-2010-2011-2012-2015-2019-жылдары алган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи орунду «Бавариянын» чабуулчусу, поляк Роберт Левандовски ээледи,

үчүнчүнү Лондондун «Челси» клубунун жана Италия курама командасынын жарым коргоочусу Жоржиньо алды,

төртүнчүнү «Реалдын» жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема,

бешинчи лондондук «Челсинин» жана Франция курама командасынын жарым коргоочусу Н’Голо Канте болду.

«Алтын топтун» беш жолку ээси португалиялык Криштиану Роналду алтынчы орунду ээледи.

«Алтын топ» 1956-жылы France football журналы тарабынан Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна сыйлык катары негизделген.

«Алтын топтун» жеңүүчүсүн спорт журналисттери, машыктыруучулар жана улуттук командалардын капитандары добуш берүү жолу менен аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM