Биз менен байланышыңыз

Жапаров саясий күчтөрдү шайлоодон кийин көчөгө чыкпоого чакырды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 1731 | 0

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктаганына байланыштуу кайрылуу жасады. Ал бүгүн тарыхый күн экенин айтып, бул ирет саясий өнөктүк калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөнүн белгиледи.

«Өлкө эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген. Биз калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз. Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын», — деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Президенттин пикиринде, бийлик бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей шарт түздү. Бирөөнө да жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок.

«Бул жолку шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашкан жок. Аралашып баштагандарды дароо кызматтан алып жаттык. Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле бийлик өкүлдөрү тигил же бул партиянын, же кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе, катуу чаралар көрүлөрүн байма-бай эскертип келген элек. Үгүт иштеринин жүрүшүндө андай мыйзам бузуулар катталар замат кескин, чечкиндүү кадамдарга барганыбыз партияларга да, талапкерлерге да чоң сабак болду», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров шайлоого катышкан жана катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрылып, шайлоонун жыйынтыктарын таанууга чакырды. Ал Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керектигин эскертти.

«Туруктуулукту, тынчтыкты бузабыз деген ниети барларга бийлик тараптан эч качан негиз бербейбиз, таза жана адилеттүү иштейбиз деп, баарыңарды ишендирип кете алам. Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт», — деп эскертти Жапаров.

Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелери жабылды.

Ушул тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсептөөдө. Андан соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.

Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Жарышка бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер жана 21 партия катышты.

БШКнын саат 18:00гө карата маалыматы боюнча, добуш берүүгө 1 миллион 50 миң 163ү, же 28,36%ы катышты.

Бир мандаттуу округ боюнча 1 миллион 37 миң 373 адам же 28,66% добуш берди.

Текебаев: Шайлоодон кийин радикалдуу нааразычылыктар болбойт

Copyright © 2017 Maral FM