Парламенттик шайлоого катышуунун көрсөткүчү төмөн болушуна форма №2нин жокко чыгарылганы таасир этти. Мындай пикирин БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде айтты.
Ал 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо жана 2021-жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу, быйыл парламенттик шайлоого жарандар аз катышканын билдирди.
«Форма-2″ 2020-жылдын октябрында болгон шайлоодо массалык түрдө колдонулган. Бул система менен 500 миң шайлоочу добуш берди. Көрсөткүч добуш берүүнүн пайыздык көрсөткүчүнө кескин таасирин тийгизет«, — деди Шайназаров.
28-ноябрь кечки саат 18:00гө карата добуш берүүгө 1 млн 50 миң 163 жаран катышты. Муну менен шайлоого катышуу көрсөткүчү 28,36 пайызга жетти.
Жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катышуу 28,66 пайыз болуп, добуш бергендердин саны 1 млн 37 миң 373 киши болду.
Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 6 миң 609 (7,86%) адам тандоосун жасады.