Биз менен байланышыңыз

Владивосток: «Бүтүн Кыргызстан» биринчи, «Ынтымак» экинчи келе жатат (фото)

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 2304 | 0

Орусиянын Владивосток аймагында добуш берүү аяктады. Бул тууралуу «Маралга» жеринен мигранттар билдиришти.

Маалыматка ылайык, добуш берүүгө 134 адам катышкан. Анын ичинен эң көп 54 добуш «Бүтүн Кыргызстан» партиясына берилген. Тизменин уландысында «Ынтымак» — 16, «Ишеним» — 11 , «Ыйман Нуру» — 8, «Эл үмүтү» — 5, «Ата-Мекен» — 5, «Азаттык» — 5, «Альянс» — 4, «Социал-демократтар» — 4, «Мекенчил Эл» — 4, «Ата-Журт Кыргызстан» — 4, «Улуттар Биримдиги» — 2, «Багыт» — 2, «Күчтүү регион» — 1, «Ордо» — 1, Баарына каршы — 2 добуш берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия аймагында ачылган шайлоо тилкелеринен Түштүк-Сахалинде добуш берүү аяктап, алгачкы жыйынтыктар белгилүү болгон.

Түштүк-Сахалин: «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы алдыда (фото)

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бул жолу жаңы система менен өтүп жатат. Анда 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Партиялык тизме менен шайлоо преференциалдык ыкмада өтүп, шайлоочулар партияны жана партиянын ичинен талапкерди да тандай алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM