Биз менен байланышыңыз

Түштүк-Сахалин: «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы алдыда (фото)

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 4785 | 0

Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагында добуш берүү аяктады. Бул тууралуу «Маралга» жеринен мигранттар билдиришти.

Маалыматка ылайык, добуш берүүгө 203 адам катышкан. Анын ичинен эң көп 76 добуш «Бүтүн Кыргызстан» партиясына берилген. Тизменин уландысында «Ишеним» — 32 , «Ыйман-Нуру» — 16, «Ынтымак» партиясы -15,  «Ата-Журт Кыргызстан» — 14, «Альянс» — 11, «Эл үмүтү» — 11, «Улуттар Биримдиги» — 8, «Ата-Мекен» — 7, «Азаттык» — 3, «Багыт» — 1, «Кыргызстан жашылдар партиясы» — 1, Баарына каршы — 2 добуш берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 03:00дө алгачкы шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагында ачылган. Чет өлкөдө жалпы 59 добуш берүү тилкеси уюштурулган.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо бул жолу жаңы система менен өтүп жатат. Анда 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан, 54 депутат партиялык тизме менен шайланат. Партиялык тизме менен шайлоо преференциалдык ыкмада өтүп, шайлоочулар партияны жана партиянын ичинен талапкерди да тандай алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM