Биз менен байланышыңыз

Абсаттар Сыргабаев элди шайлоого жигердүү катышууга чакырды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 152 | 0

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районун Барпы айылындагы №2395 шайлоо тилкесинен добуш берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Сыргабаев добуш берип чыккандан кийин элге кайрылуу жасап, өлкө келечегине кайдыгер карабай, шайлоого жигердүү катышууга чакырык таштады.

Ал бардык тилкелерде керектүү шарттар түзүлгөнүн, мүчүлүштүктөр орун ала электигин айтты.

Жалал-Абад облусунда 685 миң 620 шайлоочу бар. Алар үчүн 452 шайлоо тилкеси уюштурулган. Булардын ичинен 2 миң 700 жаран кечээ, 27-ноябрда алдын ала көчмө урна менен добуш берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM