Эмгек келишими бүткөнүнө байланыштуу Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Асланайым Аширова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта анын ордуна ким дайындалганы тууралуу айтылган эмес.
Асланайым Аширова цирктин жетекчилик кызматына өткөн жылы октябрь айында дайындалган. Ал жетекчилик кызматка чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.
2024-жылы Кыргыз мамлекеттик циркинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Цирктин ачылышы өткөн жылдын ноябрь айында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ачылган.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында мамлекеттик цирктин имаратынын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, оңдоону тапшырган.
Учурда цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.