Биз менен байланышыңыз

Жумагулов: Быйыл талапкерлер элетке барып, элге көбүрөөк аралашты

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2021 | 291 | 0

Быйылкы шайлоонун өзгөчөлүгү — талапкерлердин баары аймактарда үгүт жүргүзүп, элге аралашты. Бул тууралуу «Борбор Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институту» коомдук фондунун төрагасы, саясий эксперт Бакытбек Жумагулов «Маралдын» эфиринде маек берип жатып билдирди.

«Негизи азыр шайлоодогу добуш берүү, парламенттеги калыптануу системасы тууралуу айтсак, ал боюнча менде жакшы маалымат жок. Азыркы шайлоонун өзгөчөлүгүн айтсам, бир мандаттуу округдан болуп жатат да. Бир мандаттуу округдан жана саясий партиядан чыккан талапкерлер округдун ичинен эле чыккан жок, кайсы жерден болсо ошол жерди көрсөтүп, талапкер бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер менен бирге иштерди жүргүзүп жатты. Үгүт иштерин жакшы эле жеткирип жатты деген ой-пикирлер бар», — деди эксперт.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоого добуш берүү жүрүп жатат. Шайлоонун жүрүшүн «Марал» радиосу социалдык тармактагы баракчаларында активдүү түз эфирде чагылдырууда. Ал эми тексттик трансляцияны www.maralfm.kg  сайтынан окуй аласыздар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM