Биз менен байланышыңыз

Шайлоо тилкесинен тышкары 12 миңдей жаран добуш берди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 210 | 0

Добуш берүүдөн бир күн мурун, 27-ноябрда участкадан тышкары 12 миңдей шайлоочу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлады.

Участкадан тышкары шайлоого катышуу үчүн жалпы 13 миң 481 арыз түшкөн. Анын ичинен 12 миң 137 жаран тандоосун жасады. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча жалпы 13 миң 2 арыз келип, анын ичинен 11 миң 612 адам шайлоого катышты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM