Биз менен байланышыңыз

Кытай өкмөтү Кыргызстандын мектептерине музыкалык аспап алып берди

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандагы искусство мектептерине фортепиано, саксофон, скрипка, кыл кыяк, флейта, гитара, өрүк комуз, жетиген сыяктуу бир катар музыкалык аспаптарды белек кылды. Аны тапшыруу аземи бүгүн, 1-декабрда П. Шубин атындагы Бишкек шаардык балдар музыкалык мектебинде өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана музыкалык мектептердин директорлору катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн министр Азамат Жаманкулов атайын мектептердеги аспаптар өткөн кылымдын 70-80-жылдарынан бери алмашыла электигин баса белгилеп, бул жардамды кайтарымдуу инвестиция катары баалады.

«Бул — эки жыл мурун башталган келишимдердин бири. Биздин музыкалык мектептерде 70-80-жылдардан бери музыкалык аспаптар алмашылган эмес. Таланттарга болгон атандаштык күч алды. Кыргызстанда таланттуу балдар болсо, Орусиядан баштап Европага чейин демилгечи болуп, алып кеткендер болууда. Шарт түзүп, маяналарын көтөрүп, алып калбаса, классикалык музыка чеберлеринен куру калабыз. Маданият жана искусство багытында бирге алып барып жаткан иш-аракеттер жетиштүү. Мындан ары да кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга даярбыз». 

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы окуу жайларында музыкалык аспаптар жокко эсе. Мисалы, скрипка, фортепиано, пианино аспаптары жоголуп баратат. Азыр музыкалык мектептерде комуз менен кыяк гана калган. Айылдардагы балдар саксофон, флейта эмне экенин, кандай экенин көрүшкөн эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын жетекчиси Барпы Алишеров айтты.

«Бүгүн бизге үч музыкалык аспап тийди. Алар: фортепиано, флейта, скрипка. Ыраазычылык айткым келип жатат. Өзгөчө министрге жана Кытай элчилигине. Бул балдарга күч, шык берет. Аймактарда музыкалык аспаптар таңкыс болуп келет. Мисалы скрипка, фортепиано, пианино аспаптары жоголуп баратат. Азыр музыкалык мектептерде комуз менен кыяк калды. Аны менен алыс кете албайбыз да. Антейин десең, адистер да жок. Музыкалык окуу жайды бүтүргөн бүтүрүүчүлөр айыл, аймактарга барышпайт. Ал жактарга барганы менен шарт жок. Сабак өткөнү же аспаптар жок, же болбосо жаш адистерге жетиштүү айлык жок. Ошондуктан эч ким барбай жатат. Жакшы көңүл бурулбаса, кыйын болуп турат. Музыкалык окуу жайды бүткөндөрдү 2 жыл иштеп келүү үчүн аймактарга жиберүү керек. Илгери окуу жайды бүткөндөн кийин аймактарга жиберчү. Анан алар ал жерде иштеп калып калчу. Ал убакта 2 жыл мыйзамдуу түрдө иштеп келет элек. Антпесе диплом да берилбейт эле. Азыр ошол системаны киргизбесек болбой калды. Азыр бүткөндөр ар жакка чачырап кетишет». 

Өлкөнүн айыл жерлеринде музыкалык аспаптардан тышкары, адистер да аз. Мисалы, Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы музыкалык мектептин жетекчиси Жылдыз Алшүкүрова айылдарга алыс, маяна аз деп жаштар барбай турганын айтты.

«Миң- Куш айылынан келдим. Биз кыл кыяк алдык. Негизи эле Нарын облусунда, райондордо, айылдарда музыкалык аспаптар жетишпейт. Алыс айыл деп, адистер барбайт. Баары шаарга качат. Биз министрликке кайрылдык, сунуштарды айттык. Аябай кубанычта болуп турам. Анткени бизге алгачкы жолу музыкалык аспап берилди. Ыраазычылык билдирем. Мындай иштер токтобой уланса, маданиятта балдар ийгилик көргөзө алат». 

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень салтанатта куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Кытай гуманитардык, экономикалык байланыш менен гана чектелбестен, маданий алакаларды бекемдөөнү улантарын айтты.

Учурда министрликтин карамагында өнөр адамдарын тарбиялаган 2 жогорку окуу жай, 8 атайын орто окуу жай, 88 орто мектеп бар.

Copyright © 2017 Maral FM