Биз менен байланышыңыз

Ислам Байсынов: Мыкты спортчулардын көбү айыл жеринен чыгат

Блог , Маек , Спорт | 27 Ноя 2021 | 5229 | 0

Шахмат боюнча Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону, Кыргыз Республикасынын спорт чебери, мыкты машыктыруучу Ислам Байсынов жакында эле АКШнын Огайо штатында өткөн ачык турнирде дагы бир жолу чемпион болду. Атактуу шахматчыны жараткан ийгилиги менен куттуктап, «Марал» радиосунда маектештик.

Айта кетсек, Ислам Байсыновдун өмүрлөшү Нуриза Оторбаева да шахмат боюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

— Канча жашыңыздан баштап ойноп келе жатасыз? Шахматка болгон кызыгууңузду алгачкы жолу ким ойготкон?

— Атам айылда коңшулар менен таң аткыча шахмат ойноочу, мен анда 4-5 жашар баламын, артынан ээрчип алчумун. Үйгө таңга маал уйкусурап келчүбүз. Атамды ээрчип жүрүп үйрөндүм десем болот. Чоң атабыз да Нарында ойноп, көптөгөн ийгиликтерди жараткан. Биздин шахматчылар династиясы деп атаса болот го дейм (күлүп). Ал кезде эч кандай машыктыруучу болгон эмес. Өзүм китепканаларга барып изденип, карап туруп үйрөндүм десем болот. Шарт болуп калганда эле Аламүдүн базарына келип ойноп калат элем. 20 жаштан баштап олуттуу карай баштадым.

— Сиз мелдештерге бат-баттан катышып турасызбы? Жетишкендиктериңизге токтоло кетсеңиз… 

— Быйыл мен үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Швейцариянын Базель шаарында өткөн ачык турнирде биринчи орунду ээледим. Андан кийин мына АКШда өткөн спорт чеберлери арасындагы ачык турнирде да биринчи орунду алдым. Жеңиш жеңил болбойт эмеспи, оюн абдан татаал болду. Эң чоң ийгиликтеримдин бири ушул жеңишим болду. Андан мурун кышында Сербия өлкөсүндө жакшы көрсөткүчтөрдү көргөзүп келгем. Кийин Грецияда өткөн Дүйнө чемпионатында да жакшы ойной алдым. Кыргыз Республикасынын спорт чебери болдум. Шахмат боюнча Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону болдум.

— Биздин маалыматка караганда, келинчегиңиз да шахматты мыкты ойнойт экен… 

— Келинчегим Нуриза Оторбаева Кыргызстандын жалпы шахматчылар арасында 3 жолку, кыз-келиндер арасында 5 жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, универсиаданын көп жолку жеңүүчүсү, «Жылдын адамы» сыйлыгынын үч жолку ээси. Булардан тышкары Түрк тилдүү мамлекеттер арасында өткөн олимпиадада коло медаль, Кыргызстанда «Мыкты машыктыруучу» наамын 7 жолу алган. Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Кайрымдуулук иретинде түрмөдө шахмат оюнун уюштурган дүйнөдө жалгыз аял. Бир эле маалда 20 чакты адам бирдей ойноп, рекорд койгон жалгыз айым. Айтор, мактаса менден ашып түшөт.

— Сиздин көз карашыңызда Кыргызстандагы шахматтын келечеги кандай?

— Мыкты шахматчылар негизинен аймактардан чыгат, аймактарда шахматчылар абдан көп. Ар бир райондун, айылдын шахмат клубу бар. Мелдеш өткөрүп турушат. Мен дайыма айтам, мыкты спорт чеберлери элет жеринде болот. Кыйнаганы, ата-энелердин шарты туура келбей калат. Анткени, спорттун кайсы гана түрү болбосун, каражат талап кылат эмеспи. Айыл жергесинде ийримдерге барганга эч кандай шарт жок. Негизи, мугалимдер бекер окутушу керек эле. Анткени аларды мамлекет каржылайт. Бишкек шаарында эле мен билгенден жүздөй ийрим бар. Анан акысы 500 сомдон 1500 сомго чейин жеке ийримдер да бар. Окуу акысы мугалимдин даражасына жараша болот. Мыкты машыктыруучуларды алып келсе, биздин жаштардын деңгээли мыкты. Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучуларбыз аз болгондуктан, кичине токтоп калып жатабыз. Негизи, бир эле шахматтан эмес, жалпы спорттон бир топ жогорку деңгээлде деп айта алам. Болгону бизге машыктыруучу база жетишпейт. Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасында биздин балдар өз топторунда биринчи орунду камсыз кылышып, ийгиликтерди багындырып келе жатат. Ушулардын баары биздин өлкөдө шахматтын ийгиликтүү келечеги бар экенинен кабар берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM