Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө көчмө добуш берүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 434 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда үгүт иштери токтотулуп, көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жатат.

Алдын ала добуш берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 13 миң 396 шайлоочу арыз жазганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, ден соолугуна, карылыгына, зарыл иштерине, алыскы аймактарда же кыштоолордо жашаганына жана башка себептерге байланыштуу шайлоо күнү добуш берүү тилкесине келе албагандарга, ооруканада дарыланып жаткандарга, абак жайларда кармалып тургандарга, аскердик кызматын өтөп жүргөндөргө, вахталык режимде иштегендерге дагы ушул сыяктуу шайлоочуларга атайын көчмө добушкана уюштурулуп берилет. Ал үчүн шайлоочу алдын ала арыз менен кайрылууга тийиш.

Эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Башмыйзам боюнча парламент 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM