Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук кол тамга койду

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 699 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алгачкы жолу электрондук документтерге кол тамга коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү. Бул тууралуу айтылган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Электрондук документ тутуму Президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда.

«Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдыгын жана натыйжасын олуттуу түрдө жогорулатат, ошондой эле кызматтык кат алышуу процессин ыңгайлаштырат. Борборлоштурулган тутумдун артыкчылыктарынын бири мамлекеттик органдардын ишине баа берүү жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 853 мамлекеттик орган жана аларга караштуу мекемелер, бөлүмдөр электрондук документ тутумун (ЭДТ) ишке киргизген. Учурда аны 32 миң мамлекеттик кызматкер пайдаланып жатат. Бүгүнкү күнгө карата 2 млн 161 миң электрондук документ катталган.

Copyright © 2017 Maral FM