Биз менен байланышыңыз

Президент бир катар тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 350 | 0

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында төрага Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, мамлекеттик мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.

Өлкө башчысы атайын тапшырманын негизинде Эсептөө палатасы лицензиялар боюнча геологиялык аудит жасап чыкканын айтып, андагы көйгөйлөрдү ортого салды. Президенттин айтымында, лицензия берүүдө коррупция күч алган.

Белгилүү болгондой, беш-он жылдан бери бир эле адам 20-30 лицензия алган фактылар да кездешкен. Алар лицензияны алып, «изилдөө жүргүзүп жатам» деген шылтоо менен бир топ убакытка кармап отурган. Аны кымбат сатууга чет өлкөдөн инвестор издеген учурлар да арбын болгон.

Буларды маалымдаган мамлекет башчы баарын тактап чыгып, эки айдын ичинде отчёт берүүнү тиешелүү мекемелерден талап кылды.

Мындан сырткары энергетикада жөн эле эсептен чыгарып (списание) салган фактылар абдан көп экенин белгилеп, Курманкул Зулушевге бул эки маселени чечүүнү тапшырды.

Аны менен катар мамлекеттин канча мүлкү бар экени боюнча да иликтеп, учётко алып, базар баасын тактап чыгууну, бюджеттин аткарылышындагы кемчиликтерди текшерип, бир айдын ичинде отчёт берүүнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошевге буйруду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM