Биз менен байланышыңыз

26-ноябрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 330 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Зымдарда жана бак-дарактарда суу кар топтолот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…-5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Бишкекте 26-ноябрда кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…+2 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM