Биз менен байланышыңыз

Дене тарбия, спорт агенттиги департамент болуп түзүлөт

Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2021 | 783 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы департамент болуп түзүлөт. Бул министр Азамат Жаманкулов менен спорттун түрлөрү боюнча федерация өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Жыйындын жүрүшүңдө министр спорт тармагындагы түзүмдүк өзгөрүүлөр тууралуу айтып, мамлекеттик агенттиктин департамент болушу менен иш үзгүлтүккө учурабай турганын, кадрдык кыскартууларга жол берилбесин, каржылоо, камкордук мурунку бойдон каларын маалымдады. Ошол эле учурда бул өзгөртүү жаңы Башмыйзамдын жана Министрлер кабинети тууралуу ченемдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзүлүп жатканына токтолду.

Андан тышкары спорт тармагындагы маанилүү маселелерди талкуулоо жана аны өз убагында чечүү үчүн ар жуманын шаршемби күнү спорт коомчулугу менен жолугушуп туруу чечимин кабыл алганын айтып, ар бир спорт федерациясынын кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Агенттик алгач Өкмөткө караштуу мамлекеттик мекеме болгон. Кийинчерээк, президент Садыр Жапаровдун оптималдаштыруу саясатына ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бириктирилген.

Айта кетсек, буга чейин бир катар спорт машыктыруучулары мамлекеттик агенттиктин министрликке караштуу департамент болуп кайра түзүлүшүнө каршылык билдирип, маалымат жыйын өткөрүшкөн эле.

Спортчулар спорт агенттигин департамент кылууга каршы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM