Биз менен байланышыңыз

Спортчулар спорт агенттигин департамент кылууга каршы

Коом , Спорт | 29 Окт 2021 | 1062 | 0

Бүгүн, 29-октябрда «Кабар» агенттигинде Кыргызстандын спорт машыктыруучулары жыйын өткөрдү. Анда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин Маданият министрлигинин алдындагы департамент кылууга каршылыгын, ошондой эле Сербияда өтө турган Дүйнө чемпионатына бара турган балбандарга акча бөлүнбөй жатканына тынчсызданууларын айтып чыгышты. Жалпы спорт агенттигинин атынан президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашты.

Кыргызстанда спортту сүйгөн жаштар өсүп келе жатат. Өлкөнү дүйнө эли спорт аркылуу таанып жаткан учурда мамлекет тарабынан колдоо болбой келет. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигин департамент кылып өзгөртүүдө спорт тармагы артка кетет.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алымкулов департамент кылып өзгөртүү менен спорт тармагы аксай турганын, себеби учурда 63 штат болсо, департамент болгондо 11 гана штат бөлүнөрүн, алар таптакыр жетишпей каларын айтат.

«Токиодогу ийгилик — мамлекеттик агенттиктин өз алдынча, көз карандысыз иштегенинин натыйжасы. Бир суроо туулат: Парижге кантип даярданабыз? Келечекте бизди департамент кылып койсо, 11 кишинин колунан келеби ошол иштер? Ушунча улуттук кураманы олимпиадаларга, Дүйнө, Азия чемпионаттарына даярдоого жетишеби? Андан тышкары жалпы спортту, улуттук оюндарды да унутпашыбыз керек. Аларды ким көтөрөт? Бүгүн мен спорттон башка позитив көргөн жокмун. Айрымдар мактанып жаткандай көрүшү мүмкүн, бирок бул кашкайган факт. Элибиз жайында, бир жарым жылдык пандемиядан кийин кандай сүйүндү эле. Кечирип койгула, бул күйгөндөн чыккан жүрөк чаңырыгы! Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович, сиздерге спорт жамаатынын, элдин атынан кайрылып кетет элем, ушул ишке шашылбай токтолуп, бизди өзүнчө кылып берүүңүздөрдү суранабыз!»  

Грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов бул мекеменин макамын көтөрүп, министрлик, комитет деңгээлине чыгарса жакшы болмогун белгилейт.

«Бизге «спорт агенттигин бириктирип, департамент кылганы жатат» деген кабар жетти. Штатын кыскартып, жалпы өлкөнүн спортуна 11 гана адам жооп бере тургандай кылып жатышат. Мага өкүнүчтүү болуп турат. Токидогу оюндарга элдин кандай кубанганын көрүп, мен ыйлап жибергем. Билбей эле баарын бириктип атат, бул «министрлик азайсын, штаттар кыскарсын» деген сыяктуу маселеден болуп жатат окшойт. Анткен менен маданият, дене тарбия (культура, физкультура) таптакыр эки бөлөк, ага караганда туризм спортко жакыныраак. Мен машыктыруучу катары айткым келет, тескерисинче, спортту кеңейтип, көп укук берип, макамын министрлик, мамлекеттик комитет деңгээлине көтөрүү керек. Спортубуз алдыга жылып жатканы көрүнүп турбайбы. Бизди бүт дүйнө тааный баштады. Мен олимпиадага калыс болуп жүргөндө, «Силердин кыздар кантип ушундай күрөшөт? Ушинтип күрөшүү мүмкүнбү?» — деп суктанып жатышты. Түшүнсөңүздөр, дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлеп келген Орусиянын, Украинанын командалары суктанып жатышты. Мисалы, Акжол кандай күрөштү? Олимпиада эмнеси менен эсте калат? Ошондой жарк эткен жылдыздары менен эсте калат». 

Эркин күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов Сербиядагы Дүйнө чемпионатына бара турган балбандарды каржылоо маселеси эмгиче чечиле электигин, эгер Маданият министрлигине бириктирсе, абал мындан да жаман болуп, убакыттан уттуруп коюшарын билдирди.

«Президентибиз (Садыр Жапаров — ред.) биздин алдыбызга чоң максат койду. Биз, албетте, анын баарына тилектешпиз. Бирок аны кылуу үчүн бизге мамлекеттик колдоо керек. Департамент болгондон кийин бизди каржылоо аксайт. Ансыз деле бүгүнкү күндө да абал өтө начар. Жакын арада Сербияда Дүйнө чемпионаты болот. Үч-төрт күндөн кийин балдар учабыз деп жатат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин каржы маселеси чечиле элек. Эгер биз департамент болуп калсак, анда Маданият министрлиги менен макулдашып, анан кайра департаментке келгенге чейин көп убакытты алат. А бизде андай убакыт жок. Ошондуктан бул бизге көп тоскоолдук жаратып коёт».   

Машыктыруучулар белгилегендей, каржылык тартыштыктын айынан 1-7-ноябрда Сербияда өтө турган Дүйнө чемпионатына (U23) толук курам эмес, саналуу гана жаш балбан баратат. Айта кетсек, чемпионатка грек-рим күрөшүнөн 8, эркин күрөштөн 6, кыз-келиндер күрөшүнөн 2 балбан барары буга чейин жарыяланган. 

Copyright © 2017 Maral FM