Биз менен байланышыңыз

Сербияда өтө турган Дүйнө чемпионатына 16 балбан барат

Кыска кабар , Спорт | 25 Окт 2021 | 723 | 0

1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинки (U23 ) балбандар арасында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 16 балбан барат. Күрөштүн үч түрүнөн чемпионатка катыша тургандардын тизмесин Кыргыз күрөш федерациясы жарыялады.

Грек-рим күрөшү:

  1. Акыйкат Кулжигит уулу (55 кг)
  2. Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг)
  3. Марлен Асикеев (67 кг)
  4. Ийгилик Сатымкул уулу (72 кг)
  5. Акылбек Талантбеков (77 кг)
  6. Бексултан Назарбаев (82 кг)
  7. Азат Салидинов (87 кг)
  8. Данияр Шеримбеков (97 кг)

Эркин күрөш:

  1. Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг)
  2. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг)
  3. Айбек Токтогул уулу (65 кг)
  4. Эрназар Акматалиев (70 кг)
  5. Мухаммад Абдуллаев (79 кг)
  6. Нуртилек Карыпбаев (86 кг)

Кыз-келиндер күрөшүнөн:

  1. Назира Марсбек кызы (57 кг)
  2. Айпери Медет кызы (76 кг)

Балбандарды грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев менен улук машыктыруучу Арсен Эралиев, эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу Русланбек Маджинов менен улук машыктыруучу Исламбек Тазабеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бекзат Салиев, укалоочу Константин Еремич коштоп барат. Ал эми Саитдин Азизбаев өтүп жаткан мелдештерге калыстык кылуу үчүн Дүйнөлүк Күрөш Уюму тарабынан тандалып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM