Биз менен байланышыңыз

Жекшеев: Теледебаттарда баягы эле кайым айтышуулар уланууда

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2021 | 511 | 0

Талапкерлер теледебатта программасы тууралуу сүйлөбөй, бири-биринин эски жоруктарын эске салуу менен алек болуп жатышат. Мындай пикирин жарандык активист Азият Жекшеев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал дебаттарды толук көрө электигин, бирок соцтармактарда жарыяланып жаткан үзүндүлөрүнө көңүлү тойбой жатканын белгиледи. Анын оюнда, бул дебаттарда талапкерлердин жаш курагынан башка эч нерсе өзгөргөн эмес.

«Алар программаларын айтпай, кайым айтышуу жүрүп жатат. Бири-биринин мурдагы кылган жоруктары тууралуу эле сөз болуп жатат. Бул таймаш талапкердин келечектеги платформасын, көздөп  жаткан кыялдарын чагылдырышы керек болчу. Тилекке каршы, бул ким кимден кандай өч алгысы келип жатат, ким кимди кантип жок кылгысы келип жатат деген таймаш болуп жатат.  Бир гана өзгөрүү байкалат, ал — дебаттардын жашарышы. Жаш муундун өкүлдөрү көбүрөөк чыга баштады. Мурда 30 жылдан бери келе жаткан саясатчылар улам-улам чыгып, алардын деле кайым айтышуусун угуп отурчубуз. Азыр ошолорго эле аралашып кеткен, бирок жаш муундун өкүлдөрүн көрүп жатабыз», — дейт Жекшеев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM