Биз менен байланышыңыз

Балдарды туура тарбиялоо боюнча онлайн тиркеме иштелип чыкты

Билим-маданият , Коом | 24 Ноя 2021 | 1502 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте балдардын окуусуна колдоо көрсөтүү максатында эки жаңы санариптик программа киргизди. Ал балдарды ар тараптуу өнүктүрүүдө кошумча таяныч болот. Окуу паспорту катары кызмат аткарган «Билимдүү муун» онлайн платформасын жана жеткинчек балдарды тарбиялоого арналган Bebbo мобилдик тиркемесин Тime журналы жакында эле 2021-жылдын 100 мыкты ойлоп табууларынын катарына кошкон. 

Ата-энелер балдарын «тамга таанысын, окуганды, жазганды үйрөнсүн» деп бала бакчага берүүнү каалашат. Бирок өлкөдө бул жаатта тартыштык бар. Билим берүү жана илим министрлигинин  маалыматы боюнча, миллиондон ашуун баланын 200 миңге жакыны гана бакчага барат. Ушул кырдаалды эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте жеткинчектер менен тестиерлерди ар тараптуу өнүктүрүү максатында санариптик демилгени сунуштаган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, «Билимдүү муун» онлайн платформасында жана Bebbo мобилдик тиркемесинде ата-энелер үчүн зарыл болгон топтомо материалдар бар.

«Тилекке каршы, азырынча бардык балдарыбыз бакчага бара албай жатышат. «Ата-энелерибизге жардам берген жакшы бир ресурс болсо», — деп ар кандай эксперттер менен кеңештик. Анан ЮНИСЕФ менен сүйлөшүп калдык. Биздин идея менен алардын көз карашы окшош чыкты. Мындан улам ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме жана онлайн платформа иштеп чыктык. Негизги максатыбыз мектепке чейин балдарыбыз башка өлкөдөгү балдардай эле жакшы өнүгүп, коомго аралашып, тили убагында чыгып, сүйлөө көндүмү, ойлонгону, когнитивдик көндүмдөрү аябай жакшы өнүгүп калса, 1-11 класстан балдарыбыз ийгиликтүү болот деген чоң ишенимибиз бар».

Аталган тиркеме ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди кеңири өңүттө карап, туура тамактануу, баланы эмизүү, эрте куракта окутуу, оюндун баалуулугу, коопсуздук маселелери боюнча кеңештерди берет. Адистердин белгилөөсү боюнча, бул ата-эне жана мугалимдерге жаш балдар менен иштөөгө, билимин арттырууга, өнүктүрүүгө жардам берген колдонмолор.

ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Афшан Хан бул тиркемелер балдардын билим-тарбиясына салым кошуп, ата-энеге чоң жардамчы болорун белгилейт.

«Биз билебиз, Кыргызстанда балдарга абдан жакшы кам көрүшөт. Балдардын эртеңки күнү өзгөчө маанилүү. Айрыкча төрөлгөндөн баштап 3 жашка жеткиче бала абдан тез ылдамдыкта тез үйрөнүп, тез көнүп кетет. Ушул убагында аларга туура кам көрүү, туура тарбиялоо, туура билим берүү — ата-энелер жана мугалимдер үчүн абдан маанилүү. Биздин ушул иштеп чыккан тиркемелерибиз мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын туура өнүгүүсүнө салым кошууга эң чоң жардамчы болот деп ойлобуз».

Жаш ата-энелер жаңыдан балалуу болгон мезгилде бала тарбиялоо боюнча маалыматтарга муктаж болушат. Көпчүлүгү интернеттен маалымат издешет, бирок алардын баарына бирдей ишенүүгө, маалыматын колдонууга мүмкүн эмес.

Ошондой аталардын бири Марлен тиркеме тууралуу буларды айтты:

«Маалымат аябай көп, анан интернеттен сен баарына эле ишене албайсың. Эмне дегенде, мисалы, сенин балаң ооруп калса, интернетке мындай ооруп калды деп жазсаң, биринчи эле фармацевтикалык компаниялардын маалыматтары чыгат. Аларга ишенер, ишенбесиңди билбейсиң. А бул жерде тастыкталган, текшерилген маалымат. Ошонусу жакшы экен. Менин оюмча, аябай керектүү. Кыргызстанда мындай маалымат аз. Өзгөчө кыргыз тилинде аз».

Ата-энелер, мугалимдер үчүн балдарды өнүктүрүүгө арналган Bebbo мобилдик тиркемеси жана «Билимдүү муун» онлайн платформасы алгач Европа жана Борбор Азиянын 11 өлкөсүнө, анын ичинде Кыргызстанга ишке киргизилген. Аталган тиркемелерди ата-энелер жана мугалимдер интернеттен Play Market жана App Story платформаларынан көчүрүп, пайдалана алышат.

Шераалы Бекташ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM