Биз менен байланышыңыз

Элчи: Беларусту качкындарды атайылап топтоого айыптап жатышат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2021 | 620 | 0

Бүгүнкү күндө Беларустун визасын паспортунда Шенген визасы барлар гана ала алат. Бул туурасында аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал учурда Беларустун өзүндө Европага кирип кетүүнү каалаган 7 миңдей качкын бар экенин айтты. Дагы 2 миңдей качкын Польша-Беларусь чек арасында турат.

«Белорусту атайылап өзүнө качкындарды алып келип алды деп айыптап жатышат. Бул канчалык олуттуу? Адамдар бизге согуштан качып келишти. Биздеги качкындардын көбү — Ирактан келгендер. Алар — күрттөр. Ирактагы күрттөр кимдер эле? Кайсы бир деңгээлде Американын союздаштары болчу. Аларды Ооганстандагы картина коркутту деп ойлойсузбу? Албетте», — дейт элчи.

Ал качкындардын көбөйүшүнө Беларустун мыйзамдарын да айыптап жатышканын билдирди.

«Беларусь ар дайым виза режимин либеризациялоо маселесине маани берчү. Бизде 76 мамлекет менен 30 күндүк визасыз  режим бар. Мына ушул өлкөлөрдүн көбү негизинен Евробиримдиктин өлкөлөрү. Эми эмне үчүндүр бизди ушул мыйзамдарыбыз менен айыптап башташты. Ошол эле Америка, биздин европалык өнөктөштөр. Алар өз кезегинде бизге виза режимин либерализациялоону сунуштап, бул багытта иштешкен элек. Эми алар бизди ушул мыйзамды колдонуп, качкындарды алып келип жатасыңар деп күнөөлөп жатышат. Бул — жалган», — деди Страчко.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жогорку миграциялык коркунучу бар мамлекеттердин жарандары бир дагы туристтик бюродон беларустук визаны ала албайт. Аны элчиликтен паспортунда Шенген визасы барларга гана беришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM