Биз менен байланышыңыз

Страчко: Учурдагы геосаясий чыңалуунун себептери тереңде жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2021 | 762 | 0

Учурда дүйнө тездик менен өзгөрүп жатканынын себеби жалгыз коронавирус пандемиясы эмес. Мындай пикирин Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда дүйнө катаал, динамикалуу болуп баратат. Процесстер ыкчам жүрүүдө, чечимди бат кабыл алуу керек.  Мунун себеби катары жалгыз коронавирус пандемиясын айтууга болбойт. Ал аталган процессти тездетүүгө гана себепчи болду. Бул — дүйнөдөгү, анын ичинде постсоветтик аймактагы  бардык процесстерди тездеткен себеп. Ал эми дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга келсек, анда мурун болуп өткөндөргө үңүлүүгө туура келет.

«Мен мунун баары качан башталганын эскертип өткүм келет. 2001-жыл. Бул — АКШнын аскерлери Ооганстанга кирген жыл. 2003-жыл — АКШ аскерлерин Иракка киргизген жыл. Ливия, 2011-жыл. Аябай өнүккөн мамлекеттер дүйнөгө туруктуулук, тартип, өнүгүү алып келиши керек болчу. Бирок парадокс мында болду: азиялык, африкалык мамлекеттерге америкалык аскерлердин кириши башаламандыкка, согушка алып келди, буга чейин жашап келген тартипти жок кылды»,  — дейт ал.

Бул согуштар, башаламандыктар балким адам эркиндигин, укугун коргоо сыяктуу жакшы ураандардын алдында өтсө да, адам өлүмүнө алып келди, үйлөр талкаланды, өндүрүш жок болду. Мунун баары качкындардын көбөйүшүнө алып келди. Германия качкындарды кабыл алууга макул болсо, Еврокеңештин башка жаңы мүчөлөрү бул демилгени кубаттаган жок. Ошондон улам кандайдыр бир бөлүнүү пайда болду.

«Ал эми биз айтып жаткан коронавирус бул процесстердин баарын тездетип, качкындардын санын көбөйттү, качкындардын саны көбөйдү деген сөз ачка адамдардын саны көбөйдү дегенди билдирет»,  — дейт Страчко.

Мына ушунун баары азыркы геосаясий чыңалууга алып келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM