Биз менен байланышыңыз

Улуттук энергохолдинг: Бардык аймактарга электр энергиясын керектөө чеги киргизилген

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 978 | 0

«Улуттук энергохолдинг» ишканасы керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. Токтогул суу сактагычындагы сууну жана топтолгон суунун болжолдуу өлчөмүн эсептөөнүн негизинде, республиканын бардык аймактарына электр энергиясын керектөө чеги киргизилген.

2021-жылдын апрелинен сентябрына чейинки учурда Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү акыркы төрт жылга салыштырмалуу өтө эле аз болгон. Ошондуктан электр энергияны Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан импорттоо жана алмашуу чаралары каралган.

Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги на 530 млн. кВтс же 10,4% ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди сактабагандык Токтогул суу сактагычын электр энергия иштеп чыга албай турган абалга жана аймактарга электр энергиянын керектелишин чектөөгөалып келери эскертилди.

23-ноябрга карата электр энергиясын дүң сатып алуучу жана сатуучулардын суткалык керектөөлөрү белгиленген чектен ашып кеткен. Буга байланыштуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК ири жана өндүрүштүк абоненттерге электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM