Биз менен байланышыңыз

Netflix Кыргызстанда тасма тартты

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 288 | 0

Netflix кинокомпаниясы Kyrgyzstan Tourism командасынын уюштуруусу менен Кыргызстанда даректүү тасма тартты.

Долбоордун алкагында Кыргызстанга Голландиядан тасма тартуучу топ келген. Netflix компаниясынын буйрутмасы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүк боюнча даректүү тасма тартылууда. Алар Кыргызстандан салбуурунду тандап алышкан.

Тасма аркылуу дүйнө эли кыргыздын каада-салты, көчмөн маданияты менен таанышып, Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Netflix — Калифорниянын Скоттс Валли жергесинде негизделген Американын шоу-компаниясы. Аны Рид Хастингс жана Марк Рандолф 1997-жылы 29-августта түптөгөн. Компания медиа агымын, ошондой эле талапка жараша онлайн жана почта аркылуу DVD видеолорду камсыздап, ошол жатта адистешкен. 2013-жылы Netflix тасма жана телесериал өндүрүү, ошондой эле интернет аркылуу бөлүштүрүү кызматтарын да колго алган. 2017-жылы компаниянын башкы штабы Калифорниянын Лос Гатос аймагына көчүп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM