Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» акцияларын сатып жиберсек, чоң акча түшмөк»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2021 | 8086 | 0

Биз «Кумтөрдөн» бюджетке чоң сумма түшө турган бир нече жолду сунуштаганбыз. Бул тууралуу Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Кыргызстан «Кумтөрдүн» 77 млн акциясына ээлик кылып, алар үчүн Директорлор кеңешинин чечими менен жылына 12 миллион доллардын тегерегинде дивиденд алып келген. Бирок айрым жылдары, мисалы, 2016-жылдан 2019-жылга чейин дивиденд төлөнбөй калган учурлар да болгон.

«Биз адис катары айтчубуз: «77 млн акциябыз «мертвый груз» сыяктуу эле жатат. Андан көрө ошол акцияларыбызды сүйлөшүү жолдору менен сатып жибербейлиби», — деп. Мисалы, 2012-жылы биздин 77 млн акциябыз 1,8 млрд долларга чейин жеткен. Ошол сырткы башкаруу киргизердин алдында биздин акцияларыбыздын суммасы 700 млн доллардын тегерегинде болуп турган. Эгер биз жакшы сүйлөшүүлөргө барсак, мүмкүн млрд долларга чейин чыкмак. Биз ушул жолду тандасак, 700 млн долларбы, же миллиард долларбы, бюджетке акча котортуп алууга болмок», — дейт ал.

Андан сырткары мурунку келишимдердин негизинде жалпы капиталдык салымдарга киргизилген акчалардын ичинен 4%ы чалгындоо иштерине жумшалышы керек эле. Ал сумма да бүгүнкү күндө 300 млн долларга жакындап калган.

«Ошол акчаны да кошумча кылып коштуруп алсак болмок. Андан тышкары булар башка долбоорлорду сатып алып жатканда биздин үлүшүбүздү 32%дан 26%га чейин түшүргөн. Ал эми ал долбоорлорду башкаларга сатып ийип жатканда, бизге эч кандай үлүш берген эмес. Мүмкүн ошол жолдорун да сүйлөшүп, кошумча каражат алсак болмок», — деген ойдо Камчыбеков.

Ал «Центерра» учурунда жер астындагы жол менен иштетебиз деп, 48 тонна алтынды жер астына калтырып коюшканын эскертти.

«Жылына 17 тоннадан алтын алса, 3 жылдык алтын болмок экен, жылына 150-180 млн доллар биздин бюджетибизге түшүп турмак экен. Ошол акчадан да биз ала албай калдык. 100 миллиондон болгондо дагы 300 миллион доллар болмок. Ошол алтынды калтырып койгону үчүн бюджетке акча түшпөй калды деп, кенемте сурасак болмок. Мына ушундай жолдор менен иштегенде бүгүнкү күндөгүдөй акыбалга туш болбой, бюджетке чоң суммадагы акча түшүп калмак. Андан кийин деле «Центеррага» башка шарттарды кое берүүгө болмок», — деди адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM