UFC чемпиону Валентина Шевченко 22-ноябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал жыйын баштаардан мурун столуна сууларды гана калтырып, энергетикалык суусундуктарды четке алып салды.
Анын бул аракетин социалдык тармактын колдонуучулары колдоп, бөлүшүп жатышат.
Былтыр дүйнөгө таанымал футболчу Криштиану Роналду да басма сөз жыйыны учурунда газдалган сууну алып салганы талкуу жараткан.
Шевченко 21-ноябрда Кыргызстанга келген. Анын президент менен жолугары да кабарланган.