Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда балдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 251 | 0

Президенттин балдар укугу боюнча өкүлү Жыпариса Рысбекова 17-20-ноябрда Жалал-Абад облусунун бардык аймктарында иш сапар менен болду.

Анын алкагында облустагы балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлгөнү кабарланды.

Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын мэрлери жана Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, социалдык мекемелердин жана жашы жете элек балдардын укугун коргоо боюнча инспекциянын жетекчилери менен жолугушуулар өттү.

Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун «Арча-Бешик» бала бакчасын, Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар бөлүмүн, Т. Сатылганов атындагы № 4-орто мектепти, «Ак-Кайың» № 2 бала бакчасын, Ж.Мавлянов атындагы орто мектеп-интернатын, Т. Давлетов атындагы № 4 бала бакчасын, «Күн Чубак» № 1 бала бакчасын, «Бүчүр» бала бакчасы, Байдөөлөтов атындагы орто мектепти, мындан башка да көптөгөн балдар борборлорун кыдырып көрүп, эне-аталар менен баарлашуу өткөрдү.

Көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолдору талкууланып, мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын укугу жана аларды коргоо маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртууга сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM