Биз менен байланышыңыз

«Банк күрөөгө коюлган үйдү сатып ийүүгө кызыкдар эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Ноя 2021 | 1088 | 0

Банк кредитин төлөй албай калган кардарынын үйүн өзү тартып алат деген сөз — миф. Бул тууралуу РСК банкынын Юридика департаментинин башчысы Акылбек Жусупов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кардар алган насыясын төлөй албай калган учурда анын күрөөгө койгон үйү сот аткаруучу же көз карандысыз уюштуруучу тарабынан аукционго коюлат. Ал тууралуу гезитке, интернетке жарыяланат. Биринчи турда алуучу чыкпаса, экинчи тур жарыяланат. Ар бир турдун мөөнөтү — бир ай. Экинчи турда ким эң көп акча сунуштаса, үй ошол акчага сатылат. Үйдү сатуудан түшкөн айырма, мисалы кардардын карызы 50 миң доллар болсо, үйү 80 миңге сатылса, 30 миңи үй ээсине кайрып берилет. Экинчи турда да кардар чыкпай койсо, ошондо гана сот аткаруучу же аукцион уюштуруучу үйдү банкка сунуштайт.

«Бирок үйдү сатыкка чыгаруудан мурун банк биринчи кезекте үй ээсине карызды төлөп, үйүн алып калууну кардарга оозеки да, кагаз жүзүндө да сунуштап көрөт. Ал жооп бербей койсо гана аргасыздан бул кадамга барат. Болбосо, банк кардардын үйүн тартып алып, сатып ийүүгө кызыкдар эмес. Күрөөгө коюлган үйдү башкалар да сатып алгылары келбейт», — дейт ал.

Үй сатыкка коюлган күндө деле кардар аукцион баштала электе акча таап келсе, аукцион токтотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM