Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандагы дүлөй балдарга жардам көрсөтөт

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 361 | 0

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы эки төрөт үйүнө ымыркайлардын угуусун, кабыл алуусун текшерип, эрте аныктай турган аудиологиялык скрининг пилоттук долбоорун ишке киргизет. Ошондой эле атайын балдар аудиологдорун даярдоого көмөк көрсөтөт.

Окутуулар Орусия Саламаттыкты сактоо министрлиги менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.

Айтылган долбоорлор «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Өнүктүрүү» балдар борборунун уюштуруусунда ишке ашырылат.

Айта кетсек, 11-ноябрда Бишкек шаарында балдардын угуусун эрте аныктоо жана убагында дарылоо маселесине арналган тегерек стол өтүп, ага Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Санкт-Петербург шаарынын хирургия борборунун башкы дарыгери Газиз Туфатулин, келишим түзгөн эки окуу жайдын ректорлору, бир катар дарыгерлер катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM