Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу — рактан кийинки эле маанилүү оору. Бул тууралуу дарыгер-пульмонолог Азамат Акылбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.
Андыктан бул оорунун алдын алууга аракет кылуу керек. Эң биринчиден эле үйдөн, мектептен балдарга тамекинин зыяны тууралуу түшүндүрүп берүү керек. Экинчиден гриппке каршы вакцина алып жүрүү керек. Бала кезде грипп менен көп ооругандарда 40-50 жашта адатта ХОБЛ пайда болот.
«Үчүнчүдөн аялзатын тезек жакпоого үндөө керек. Мисалы, Нарын облусунда тезекти көп жагышат экен. Оорунун көп чыгуу себебин аныктоо үчүн 2016-2017-жылы Нарындын айылдарын кыдырып чыкканбыз. Ошондо айылдыктар үйдү жылытуудан тышкары тезекти, көңдү көп жагарын байкадык. Алар тамакты да мешке көң жагып бышырышат экен. Мындан улам түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тезектин зыян экенин айтуу керек», — дейт ал.