Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусунун пайда болуусунун 3 башкы себеби бар. Бул тууралуу пульмонолог дарыгер Азамат Акылбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.
Биринчи себеби — тамекинин түтүнү. Тамекинин түтүнүндө химиялык зыяндуу заттар абдан көп, ошолор өпкөнү талкалайт. Оору 1-2 куту тамекини чеккенден эмес, 20-30 жылдап чылым чегип жүргөндөн пайда болот. Экинчи себеби үйдү жылытуу үчүн мешке тезек, көң жагуу; үчүнчү себеби, бала кезден сасык тумоо, грипп, инфекциялык оорулар менен көп оору. Мындай балдарда 40-50 жаштарга барганда ушул оору пайда болуп калышы мүмкүн.
«Эмне үчүн өнөкөт деп айтабыз? Анткени өпкөнүн ичинде аба жүргүзө турган жолдор, түтүктөр бар. Биз дем алганда ал түтүктөр аркылуу өпкөгө аба барат да, кан менен контакт болуп газ алмашуу жүргүзөт. Тамекини улам-улам тарта берсе, түтүктүн ичиндеги былжыр чел сезгенет. Түптүз түтүктөр түтүндөн кийин деформация болуп кете берет, былжыр чели бырыш-бырыш болуп калат. Ошон үчүн аба жакшы барбай калат, орой айтканда бүтөлөт. Ошон үчүн бүтөлмө деп айтылат», — дейт дарыгер.
Бул оорунун башкы симптому — демигүү. Адам демигип, дем алуусу кыйын болуп калат. Жөтөлөт, бир жума-эки жума эмес, айлап жөтөлөт. Какырык жакшы чыкпайт, көп какырык пайда болот. Анын ичинде микробдор жайнап кетип, какырыктын өңү жашыл, саргыч болуп калат. Советтер Союзу убагында бул ооруну өнөкөт бронхит деп аташкан. Азыр жаңы классификация боюнча өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорусу деп аталат.