Биз менен байланышыңыз

Көмүр көйгөй: Бишкекте арзандады, аймактарда «асмандын башы»

Коом | 18 Ноя 2021 | 1211 | 0

Бишкек шаарындагы калктын муктаждыгын жоюу максатында президенттин тапшырмасы менен тоннасын 3 миң сомдон саткан эки көмүр кампа ачылган. Бирок башка аймактарда дале «асман чапчып» турат. Баалары ар түрдүү, айрым алыскы аймактарда 10 миң сомго чейин жетет.

Токтогул районунун тургуну Арген Жусупов бул кышта 3 тонна көмүрдү 8 миң сомдон алган. Маал-маалы менен жарыктын өчүрүлүшү, көмүрдүн кескин кымбатташы кыйынчылык туудуруп жатканын айтат. Ал Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатылып жатканын угуп, мындай кампалар алыскы аймактарга да ачылса деген үмүттө.

«Көмүрдүн тоннасы 7 жарым миңден 8 миңге чейин, кабы 350 сомдон. Мен жалпы элдин атынан кайрылат элем, көмүрдүн баасын «асман чапчытпай», Бишкектикиндей кылып түшүрсө жакшы болот эле. Маселен, биздин үй-бүлө 3 тонна көмүр менен чыгат, себеби көп жанбыз. Үй-бүлөбүз 3 тоннага 8 миңден коротсок, андан башка продуктулардын, үй тиричилик буюмдардын кымбатташы менен жашоо оор болуп калат. Мен түшүнбөй жатам, көмүр өзүбүздөн чыгат, бирок баасы «асман чапчыйт».    

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун тургундары менен жолугушуу учурунда көмүрдүн баасы 3 миң сомго түшөт деп убада кылган. Учурда борбордо эки кампа арзан көмүр сатып жатат, бирок кезек күткөндөрдүн саны көп.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова алыскы аймактарга да көмүрдү арзан саткан кампаларды ачуу пландалып жатканын айтып, бирок качан ачыларын билдирген жок.

«Алыскы аймактарга азырынча көмүр кампалары ачыла элек. Кайсыл жерде көмүр кампасы ачылары боюнча президенттин админстрациясынан маалымат алып жатабыз. Эске ала кетсек, көмүр кампаларын «Кыргызкөмүр» жалгыз эле ачып иштетип жаткан жок, ошол себептен өзүбүз да күтүүдөбүз. Президенттик админстрация азырынча пландалууда деген маалымат айтып жатат. Биз да ошого таянып, «алдыда ачылат, бирок качан ачылары азырынча белгисиз» деп жооп берип жатабыз». 

Кыргызстандын кээ бир алыскы аймактарында «кара алтын» 10 миң сомго чейин чыгууда. Социалдык тармактан сурамжылоо жүргүзүп көргөнүбүздө көмүр Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 миң -7 жарым миң сом, Сүлүктү шаарында 9 миң сом, Ысык-Көл облусунда 7 жарым миң-8 миң сом, Айдаркен шаарында 10 миң сомдон сатылып жатканын жазышкан.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги атайын жол чыгымдарын эсептеп, ар бир аймакка өзүнчө бааларды бекитип берген. Аталган мекеменин жетектөөчү адиси Руслан Нурманбетов коюлган баалардан жогору баада сатыла турган болсо, тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтат.

«Монополияга каршы агенттик көмүрдүн аймактарга сатылуу баасын бекиткен. Ошондой эле Министрлер кабинетинин «Көмүрдүн баасын жөнгө салуу, турукташтыруу жөнүндө» токтомун аткарууга ыкчам көчмө комиссия түзүлгөн. Ал комиссия бардык облустардагы салык кызматынын, ички иштер башкармалыгынын, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен иштейт. Ошондой эле эгер көмүр монополияга каршы агенттиктин койгон баасынан жогору сатыла турган болсо, тиешелүү чаралар көрүлөт. Биздин расмий баракчаларыбызда телефондор жайгаштырылган, ошол номерлерге чалып, кайрылса болот. Кайрылуунун негизинде тийиштүү чаралар көрүлөт. Ар бир аймакта баалар ар кандай. Ал транспорттук чыгымдан көз каранды. Мисалы, Баткен облусунда баалар 6 миңден 8 миң 700 сомго чейин коюлган».

Кыргызстан жылына болжолдуу 3 млн тонна көмүр керектейт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 71 көмүр казуучу ишкана бар. Республикадагы көмүр кендеринен тышкары Казакстандан да алып келинет.

Шераалы Бекташ

Copyright © 2017 Maral FM