Биз менен байланышыңыз

Митингдерге чыкпагыла. Президент жер басып алгандар камаларын айтты (видео)

Видео , Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 10876 | 0

Мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт.

Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдына чогулган «Жер-Ынтымак» конушунун тургундары менен жолугушууда айтты.

«Баарына айтып коеюн, бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт. Митингдер кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт, муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерлерди өз билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM