Connect with us

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан каза тапкандар энергетиктер болгон

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 283 | 0

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кант шаары тушунда болгон жол кырсыктан каза тапкандар жана жабыркагандар «Түндүк электр» ишканасынын Кемин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери болгон. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 17-ноябрда 17:30 чамасында айтылган жолдо УАЗ унаасы менен «Тойота Ипсум» унаасы кагышып, УАЗдан өрт чыккан. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы берген маалымат боюнча, «Тойота Ипсумдун» айдоочусу тайгактан улам рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Кырсыктан УАЗдын айдоочусу Карасартов Төрөбек, унаадагы энергетиктер Көкүмбаева Айнура, Алымкулова Клара каза таап, дагы төрт энергетик жана «Тойота Ипсумдун» эки жүргүнчүсү жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык баракчасы аркылуу кырсыктан каза тапкан энергетиктердин үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

«Энергетиктер оор жоготууга учурады. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон «Түндүкэлектр» ААКтын 3 кызматкеринин жакындарына жана туугандарына Энергетика министрлигинин жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул жол кырсыгы ар бир жарандын жүрөгүн жаралап өттү. Кызматтык милдетин так аткарып, кырсыктын кесепетинен каза болгон кызматкерлердин элеси энергетиктердин жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат!» — деп айтылат телеграммада.

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза тапты

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM