Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 754 | 0

Бишкек–Нарын-Торугарт унаа жолунун Кант шаары тушунда жол кырсык болуп, 6 адам жабыркап, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 17-ноябрда 17:30 чамасында болгон. УАЗ унаасы менен «Тойота Ипсум» унаасы кагышып, УАЗдан өрт чыккан.

Өрт саат 17:40 чамасында чектөөгө алынып, 17:55те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан 3 адам каза таап, 6 адам жабыркаган.

Куткаруучулар жабыркагандарды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM