Биз менен байланышыңыз

Баткенди өнүктүрүү программасы: Үч районго 10 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 802 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «2021-2035-жылдарга Баткен облусун өнүктүрүү» программасынын жана «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жыйын өткөрдү.

Буга чейин Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында ыкчам штаб, ошондой эле президенттин облустагы өкүлүнүн жетекчилиги астында Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөн.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, өзгөчө салыктык жана инвестициялык режим, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режими жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеңилдетилген режими аныкталган.

Жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү программасында социалдык-экономикалык мүнөздөгү түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга 500 млн сомдон кем эмес каражат каралат.

Учурда облустун үч районуна долбоорду ишке ашырууга 10 млн сом бөлүнүп, долбоордук-сметалык документтер даярдалды. Министрлер кабинетинин иши негиздүү саналган 5 принципке таянат: улуттун биримдиги, аймактык кол тийбестик, үй-бүлөлүк баалуулук, салыктарды төлөөдөн качуу мамлекеттик чыккынчылыкка барабар, тышкы жана ички инвесторлорду колдоого алуу жана коргоо.

Жыйындын жүрүшүндө ирригациялык долбоорлорду, унаа жолдорду куруу, этникалык кыргыздарга документ берүү, чек арага жакын аймактардагы жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле облустун тургундарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM