Эртең, 18-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдордо муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2,
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Бишкек шаарында 18-ноябрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус суук болот.