Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын кайрадан ала баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Буга чейин Түркмөнстандагы табият кырсыгынан улам линияда авария болуп, Кыргызстанга электр энергиясынын берүү убактылуу токтотулган.
17-ноябрдан тарта Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын кайрадан экспорттойт.
Электр энергиясы буга чейин эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде алынууда.
«Электр энергиясын импорт кылып жатканыбыздын максаты: кышкысын калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн үнөмдөө«, — деп айтылат маалыматта.
Быйыл былтыркыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 3 млрд куб метрге аз. Ага карабастан адистер авариялык кырдаалдан башка учурларда өчүрүүлөр болбой турганын айтышат.