Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан суицид боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат

Коом | 16 Ноя 2021 | 1186 | 0

Өз жанын кыюунун түрдүү: биологиялык, социалдык жана психологиялык себептери бар. Адистердин белгилөөсүнө караганда көбүнесе адамдар бул жолго психологиялык көйгөйлөрдүн таасири астында: өзүн жалгыз, керексиз сезгенде барат. Үй-бүлөдөгү гармониянын жоктугу, бири-бири менен аз пикир алышуу, маектешүүнүн азайышы адамды жалгызсыратат.

Психолог Элиза Абдужапарованын айтымында, убакыттын өтүшү менен көйгөйлөрдүн чогулушу адамды өз жанын кыюуга алып келип, ушул жол аркылуу гана айланасындагы адамдардын көңүлүн өзүнө бурдургусу келет.

«Адам баласы деген ушул жашоодо жашап жаткандан кийин өз жанын кыюу деген абдан оор нерсе да. Кээде бир күндө эле аффект абалда болуп калган учурлар болот, кээ бир учурда канча убакыт топтолуп, көйгөйдөн чыгууга жол жок калат. Мисалы, сүйүү үчүн өлүп калды деп атпайбы, ал сүйүү деген акыркы жеткен чек, ал жөн эле себеп болот. Балким ал ага чейин канча жолу жардам сурагандыр, аны эч ким укпай койгондур. Өзүнө кол салууга ачык чыкканы — бул жардам сурап жатканы. Бул деген, «мени карагылачы», «ушуну жасаганы жатам», «мага жардам бергилечи» деген сөз».

Экономикалык абалы чабал, жашоо-шарты оор өлкөлөрдө суицид көп кездешет. Айрыкча жумушсуздук, каржылык каатчылык өз жанын кыюуга таасир тийгизет. Социология илимдеринин кандидаты Самарбек Сыргабаев ата-энесиз же толук эмес үй-бүлөдө тарбияланган балдар, айрыкча мигранттардын балдары мындай жагдайга көп тушугарын айтат. Ошол себептен адистер мамлекет тарабынан калктын психикалык, психологиялык саламаттыгына кам көргөн максаттуу программмалар жүзөгө ашырылышы керек деп эсептешет.

«Коомдун психикалык саламаттыгына кам көрүү, өзгөчө өспүрүмдөргө, жаштарга, 14-15 жаштан 30 жашка чейинкилерге өзгөчө көңүл буруу абзел. Дал ушул курактагылар суицидге көп кабылат. Өз жанын кыйгандар да ушул куракта көп кездешет. Муну дүйнөлүк статистика,  дүйнөлүк практика тастыктап жатат».

Бир тараптуу эле «жакыр же кемчил үй-бүлөнүн мүчөлөрү гана өз жанына кол салат» дей салуу — жаңылыш пикир. Изилдөөлөр көрсөткөндөй бул кадамга толук кандуу, жетиштүү үй-бүлөдө өскөндөр деле барышы мүмкүн. Буга адамдын ички психологиялык абалы таасир этет. Мындай пикирин психолог Элиза Абдужапарова билдирди.

«Анткени ал балдар ошол кычыраган үйдө жашайт, колунда «Айфон-12», бирок ошол 2 кабат үйдө жалгыз болуп жатпайбы. Ал өз дүйнөсүндө жалгыз. Жашоо – бул баалуулук. А бизде жашоо баалуулугу жок болуп жатат. Баалуулукту акча, жакшы жумуш, жакшы кийим менен ченеп калышты. А эң негизги пикир алышуу, маектешүү деген баалуулук кайда калды? Башкы баалуулук жашоо экенин биз унутуп жатабыз».

Быйылкы жылдын 10 айына карата өлкөбүздө жанынан аша кечүү боюнча 60тан ашуун факты катталып, эң көбү Чүй облусунда болгон. Изилдөөчүлөр муну ички жана тышкы миграциянын таасири деп эсептешет. Суициддин алдын алуу боюнча ИИМ ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Бул өмүр менен кош айтышкан көйгөйдү коом, мектеп, ата-эне менен биргеликте жеңүүгө аракет кылып жатышканын айтат Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова.

«Мой участковый инспектор милиции» деген мобилдик тиркеме бар. Анда баланын жүрүм-турумун тескөө, балага кандай мамиле кылуу жолдору көрсөтүлгөн. Ошону ата-энелер гуглдан көчүрүп алып, колдонсо болот. Анан буга каршы жалгыз эле милиция эмес, ата-эне, коом, мектеп, мугалим чогуу аракетттенсек, көйгөй жараткан өзүн-өзү өлтүрүү фактысын токтото алабыз деп ойлойм».

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматка таянып айтсак, 2020-жылы жанын кыюуну көздөгөн 137 адам куткарылса, 2021-жылдын 10 айында 195 адам куткарылган. Суицид боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан Казакстандан кийинки эле экинчи орунда турат.

Шераалы Бекташ

Copyright © 2017 Maral FM