Connect with us

БШК мүчөсү: Саясий партиялардан эскертүү алгандар боло элек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2021 | 635 | 0

Учурда БШКнын каттоосунан өткөн 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 297 талапкер өзүнүн үгүт иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айдана Жупуева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, БШК ичинде келип түшкөн арыз-даттанууларды кароо тобу, үгүт иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топ жана ыкчам чара көрүү координациялык тобу бар. Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна БШКнын мүчөлөрүнөн сырткары ИИМден, Башкы прокуратурадан, УКМКдан өкүлдөр кирген. Алар координациялык топко келип, мыйзам бузуулар боюнча түшкөн фактылар болсо, карап, ыкчам чара көрүп, ИИМ карай турган жумуштар болсо карап, жыйынтык чыгарып берип жатышат.

«Жумушчу топ бир мандаттуудан 8 талапкерге алдын ала үгүт иштерин жүргүзгөнү, сатып алуу фактылары боюнча эскертүү бердик. 9 талапкер жана жаран айып төлөдү. Саясий партиялардан эскертүү алгандар боло элек. Биз мыйзам бузууларды карап, 3 адамдын атына тиешелүү органдарга жолдомо жөнөттүк. Алар кандай жыйынтык чыгарганы боюнча азырынча жооп келе элек. Мыйзам бузгандар Баткенден, Чүйдөн, Бишкектен катталды», — деп билдирди Жупуева.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM