Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери үч тоннадан ашык баңгизаты кармалган

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 266 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда жыл башынан бери милиция кызматкерлери тарабынан үч тоннадан ашык баңгизат кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын 12-ноябрда тараткан маалыматында айтылат.

9 ай ичинде баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 777 кылмыш катталган. 3 тонна 123 килограмм 684 грамм маңзат алынган. Өлкө аймагында жапайы өскөн кара куурайларды аныктоо жана жок кылуу үчүн жалпы 220 топ түзүлгөн.

Бул топтор тарабынан 250,7 гектар жапайы кара куурай аныкталып, анын 187,6 тоннасы өрттөлгөн.

Мындан тышкары Орусия жана Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте атайын операциялар жүргүзүлүп, анын натыйжасында Орусиянын аймагынан 46 килограмм 476 грамм гашиш жана Казакстандын аймагынан 7 килограмм 700 грамм апийим, ошондой эле 1 килограмм 100 грамм гашиш алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM