Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы кийинки жолдоштук беттешин өткөрүү үчүн Манама шаарында машыгуусун баштады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Эртең, 16-ноябрда Манама шаарында «Ак шумкарлар» менен Бахрейн курамасы оюн өткөрөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстан курама командасы 11-ноябрда БАЭде Сингапур курамасы менен беттешип, оюн 2:1 эсебинде «Ак шумкарлардын» пайдасына аяктаган.
Оюндар 2023-жылы боло турган Азия кубогуна даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2023-жылы боло турган Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматка өзгөртүлгөн. Тандоо турунун тайпалык оюндары 2022-жылы 8-июнда, 11-июнда, 14-июнда болот.