9-кабаттан секирүүгө аракет жасаган жигит куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 14-ноябрда саат 16:44төр чамасында «112» кызматына Бишкек шаарындагы Гагарин жана Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан бир жигит секирем деп жатканы боюнча маалымат түшкөн.
Жерине барган 5 куткаруучу жанын кыюуга аракет жасаган 1995-жылы туулган жигит менен сүйлөшүп, аман-эсен жерге түшүрүп, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.