Биз менен байланышыңыз

Лейлектин эки тургуну дайынсыз. Акыйкатчы тажикстандык кесиптешине кайрылды

Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 1282 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Тажикстандык кесиптешине кайрылып, кыргызстандык жарандардын укугун коргоону өтүндү.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

11-ноябрда Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппараты Тажикстандын Акыйкатчысы Умед Бобозодго расмий кат жөнөттү. Анда быйыл сентябрда Тажикстандын күч кызматкерлери тарабынан кармалган Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиков жана Нооман Самадовдун укуктарынын бузулуп жатканы, буга карата чара көрүүнү өтүндү.

Саидахмед Артиковдун жубайы Наргиза Артикованын айтымында, күйөөсү жана күйөө баласы — Нооман Самадов үйлөрүнө келе элек, алардан эч кандай кабар ала албай жатышат. Бирок алар Хужантта тергөө абагында экени, кыйноого алынып жатканы тууралуу маалымат угушкан.

«Буга байланыштуу Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү суранабыз. Ошондой эле тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу бизге билдирүүңүздү өтүнөбүз», — деп айтылат Акыйкатчы институтунун кайрылуусунда.

Кыргызстандын бул жарандарына ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен дагы бир расмий кат Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM