Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаковдун билим, адамгерчилик, мамиле, өлкө тууралуу айткан учкул сөздөрү

Блог | 12 Ноя 2021 | 1637 | 0

Кыргызстандын билим берүү тармагынын көрүнүктүү адамдарынын бири, профессор Каныбек Исаков агай былтыр, 12-ноябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бүгүн агайды жакындары, замандаштары эскерип турат. Биз Каныбек Исаковдун билим, адамгерчилик, мамиле, өлкө тууралуу айткан учкул сөздөрүн  социалдык тармактарда жарыялангандарын бир жерге топтодук. (Сөздөр Каныбек Исаковдун санаалаштарынын социалдык тармактагы баракчаларынан алынды)

«Менин колумдан жамандык келбейт, ким эмне кылса өзүнө кайтат. Ар ким өзүнүн тагдырын өзү кыйратат же көгөртөт. Адам пейилинен табат».


«Адам баласынын эң негизги вазийпасы – өзүнөн кийинки муунду ыйман-ынсаптуу, адептүү кылып тарбиялоо».


«Өсөр эл өз балдарын баатыр дейт, өчөр эл өз балдарын катын дейт», — деген сөз бар экен. Өскүбүз келсе, өзүбүздү өзүбүз тебелебей, өзүбүздү өзүбүз көтөрөлү».


«Адамдын адеби – адамга кылган мамиледе».


«Ынтымак, биримдик, жакшыны изденүү, жаратмандык гана келечекке туура барууга жол ачат».


«Мекенибиз Кыргызстан үчүн анын ынтымагы, өсүп-өнүгүүсү үчүн өз кызыкчылыктарыбызды агыта бербей, коомубуздун стабилдүүлүгүнө салым кошолу».


«Коомдон жамандык эмес, жакшылык издесек деп толгоном. Ата-бабаларыбыз сапарга чыгарда «жакшы ниетти жолдош кыл» деп айткан».


«Эволюциялык жол менен аң-сезимди өзгөртүп, өзүбүздү өзүбүз тазалыкка үндөп, тазаланууга, арууланууга барбасак, кийинки муун сизди, бизди кечирбейт».


«Жок кемчиликти аңдыгандан көрө, болгон жакшылыгыбызды арттыралы».


«Адам өзүнүн иши менен, мамилеси менен өзүн сулуу кылып көрсөтөт».


«ОшМУ – менин өмүрүм!»


«Биз беш-он сом аябай маданиятты көтөрүшүбүз керек. Кези келсе миллиондогон доллардын куну жетпей турган байлыкты өнөрпоздор элге берет. Жолболду агайдай залкарлардын окуу жайдын эшигинен кирип-чыгып турганы эле биз үчүн өлчөөсүз байлык».


«Эр жигиттин мурда үч журту болсо, азыр төрт журту бар. Төртүнчү журт — билим журту».


«Мугалим – башкага жарыгын чачкан, жаштардын тагдырын бак-таалайга жеткирген, Жараткан сүйгөн кесиптин ээси».


«Мен чыгармачыл, жүрөгүндө эрки, көзүндө оту, оозунда сөзү бар жаштарды жакшы көрөм жана жанашып жүрүп аларды өстүрүүгө кеп-кеңешимди аябайм».


«Университет бир гана жогорку билим алчу жер эмес. Эң башкысы, адамдарды таанып-билүүнүн, алар менен мамиле кылуунун мектеби».


«Тирүүлүктүн баркын билип, бири-бирибизди эстеп, эскерип, урматтап, сыйлап жашайлы».


Жаштарга тирек болдум

Кезиккен адамдарга дем-күч бердим,

Шыктанып, шыктандырып жашап келдим.

Турмушту сүйүп-сүйүп жашасын деп,

Элиме жүрөгүмдү ачып бердим.

 

Элиме ачып салдым жүрөгүмдү,

Бириктирдим жаштар менен тилегимди.

Күн сайын күйүп-жанып жашасын деп,

Калкыма арнап келем өмүрүмдү.

 

Бул жашоодо жаза баспадым

Бул жашоодо жаза баспадым,

Жанымды жеп жалган айтпадым.

Тоскоолдуктар тоодой тоссо да,

Ак жолумдан бирок кайтпадым.

 

Сындыргысы келди – сынбадым,

Чөктүргүсү келди чөкпөдүм.

Бурганактар беттен алса да,

Күтүп келдим жашоо көктөмүн.

 

Таарынуу

Баарынан кечтим, жүрөктө жанган жылдыздар,

Аярлап күткөн ыйыктай боло алган жок.

Кол тийгис таза, аруу деп жүргөн көп кыздар,

Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок.

 

Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок,

Жан дүйнөм кыйрап, акылдан атын өчүрдүм.

Жоготтум аалам, айрылдым аппак ойлордон,

Үзүлүп түштү, үлбүрөк назик сезимим.

 

Үзүлүп түштү, үлбүрөк назик сезимим,

Кубаты болчу, жалындап күйгөн кезимдин.

Алоолоп эми сүйө албай калды бир жүрөк,

Күнөөлүү өзүң, күнөөлүү болсом кечиргин.

 

Бир адам эми эстебейт сени күнү-түн,

Жандырбайт эми байлантып сага үмүтүн.

Бийликтен кетүү, байлыктан кечүү опоңой,

Жоготуу сени кыямат болду мен үчүн.

 

Баарынан кечтим, жүрөктө жанган жылдыздар,

Аярлап күткөн ыйыктай боло алган жок.

Кол тийгис таза, аруу деп жүргөн көп кыздар,

Мен сүйгөн бойдон жүрөктө жанып калган жок.

XXI кылымдын агартуучусу, реформатор, палбан эле… (АГАЙды замандаштары эскерет)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM