Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты.
Салтанаттуу иш-чара Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана ТМКК Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда өттү.
Президенттер бир учурда улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.
Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашууга өтүштү.