Биз менен байланышыңыз

Алина Жетигенова Казакстанга концерт берет

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 543 | 0

КР эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова жакында Казакстандын Тараз, Кордай шаарларына концерт берет. Бул тууралуу ырчы «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«3-декабрда Тараз шаарында, 4-декабрда Кордай шаарында жеке концертимди берем. Бул сунушту Кордайдын акимиаты киргизди. Буга чейин берген концертимди көрүп, жактырып калышкан экен. Өздөрү уюштуруп жатышат. Жеке концертимде чыгармаларымдан тышкары казак элдик ырын да аткарам», — деди ал.

Алина Жетигенова 1964-жылы Талас районунун Арал айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эки жылдык студиядан окуган.

Чыгармачылык жолу 1982-жылы «Таазим» тобунда ырдоо менен башталган. 1992-жылдарга чейин «Жетиген», «Ариет», «Роза гүлү» топторунда да солист болгон. «Ысык-Көл-1988» фетивалында баш байге алган, «Юрмала-1989» жаш таланттардын эл аралык фестивалына катышкан.

Алина Жетигенова «Дасторкон», «Апама кат», «Көйрөң жигит», «Жаз» жана башка ушул сыяктуу белгилүү ырларды аткарган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы 2011-жылы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM