Бишкекте шахмат боюнча Президенттин Кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мелдешке 6 жаштан 14 жашка чейинки жалпы 350 бала жана кыз катышууда. Турнир швейцариялык системанын негизинде 7 баскычта өткөрүлөт.
Шахмат боюнча балдар арасында VII ирет өткөрүлүп жаткан Президенттин Кубогу 14-ноябрда жыйынтыкталат.