Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан мыйзамдуу алмаз рыногуна чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 995 | 0

Кыргызстан, Катар жана Мозамбик өлкөлөрү алмаз жана жылмаланган алмаз соодасынын эл аралык рыногуна расмий түрдө киришти. Бул тууралуу Орусиялык «Прайм» экономикалык маалымат агентиги жазды.

Орусиянын каржы министринин орун басары Алексей Моисеев бул өлкөлөр 12-ноябрдан тарта Кимберли процессине мүчө болоору күтүлүп жатканын билдирген.

Бул өлкөлөрдүн бизнеси үчүн бриллианттарды эл аралык базарларда мыйзамдуу түрдө сатуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Уюмдун мүчөлөрү таштардын мыйзамдуу келип чыгышын тастыктаган эл аралык деңгээлде таанылган сертификаттарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындай тастыктамалардын жоктугу алмаз рыногунда ишти бир топ кыйындатат, анткени бир дагы ири компания алмазды мындай ырастоосуз сатып албайт.

Кимберли процесси 80 ден ашык өлкөнү бириктирет. Уюм 2000-жылы негизделген жана Түштүк Африканын Кимберли шаарынын атынан аталган.

Анын максаты – мыйзамсыз алынган алмаздарды, анын ичинде куралдуу жаңжалдар аймактарында кадимки товар жүгүртүүгө аралашуусун четтетүү.

Кимберли процессине кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каада-салттарына жана алмаз рыногундагы ордуна ылайык улуттук сертификациялоо схемаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM